Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Сооронбай Жээнбеков: эч бир тарап сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштай элек


Сооронбай Жээнбековдун 6-октябрындагы видеокайрылуусунан алынган сүрөт.
Сооронбай Жээнбековдун 6-октябрындагы видеокайрылуусунан алынган сүрөт.

Үч күндөн бери эл алдына чыкпай жаткан президент Сооронбай Жээнбековдун кезектеги видеокайрылуусу жарыяланды. Президенттин расмий сайтында жарыяланган кайрылуунун текстинде Жээнбеков кризисти чечүү үчүн саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтүп жатканын билдирген.

“Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам. Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет бидирем. Бирок кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек».

Жээнбеков саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл экенин жана саясий күчтөрдөн кадам күтүп жатканын кошумчалаган.

Ал Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен 5-октябрдан бери ушуну менен үчүнчү ирет кайрылуу жасады.

6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейинки кайрылууларында акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG