Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Момбеков: Өкмөт башчылыкка талапкерлердин ичинде Бабанов да бар


6-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.
6-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.

Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салыш үчүн «Реформа», «Бир Бол», «Республика» жана «Ата Мекен» партиялары биригип, өкмөт башчылыкка төрт талапкерди сунуш кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында өкмөт башчылыкка «Республика» Өмүрбек Бабановдун, «Реформа» Клара Сооронкулованын, «Бир Бол» Алтынбек Сулаймановдун, «Ата Мекен» Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтөт. Аталган партиялар жана алар көрсөтүп жатат деген талапкерлердин көпчүлүгү комментарий бере элек.

Буга чейин люстрациячы жаштар сүрөгөн Тилек Токтогазиев өкмөт башчы болуга даяр экенин, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Жумадыл Эгембердиевди сунуш кыларын билдирген. Ишкерлер ассоциациясы Аскар Сыдыковду сунуш кылды.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү курган жыйында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуш кылган. Ушул эле жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү тууралуу жазылган арызы көрсөтүлгөн. Президент Жээнбеков Бороновдун арызын кабыл алган-албаганы тууралуу маалымат жок.

Парламенттин чукул жыйыны бүгүн, 8-октябрда өтөөрү болжолдонууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. Акциялардын катышуучулары парламент менен президенттик администрациянын имаратын басып алган соң Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Өлкөнү мыйзам алкагына кайтарыш үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү зарыл экени айтылып, бирок депутаттар чогула албай жатышат.

Бул аралыкта Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңеши жалгыз легитимдүү орган экенин, өкмөт түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлер иш орундарына кайтып барганын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG