Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

УКМК: Тилек Матраимовдун кармалганы фейк эмес, чын


Тилек Матраимов.
Тилек Матраимов.

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимовдун кармалганы чын.

Бул тууралуу «Азаттыкка» УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Тилек Матраимовдун кармалганы жалган экени тууралуу маалыматтар тарап, алардын жаңы тартылган деген сүрөтү жарыяланган.

УКМК Тилек Матраимов менен анын туугандары чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда кармалганы анык экенин билдирди.

Тилек Матраимов, анын туугандары (уулу, жээндери) жана жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда кармалганын атайын кызмат 7-октябрда расмий кабарлаган. Бирок аны менен кошо кармалгандар канча киши экенин тактаган эмес.

Соңку окуялардан кийин Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Матраимов Өзбекстанда экенин жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлө турганын ырастаган.

8-октябрда Матраимовдун башка бир туугандары Русланбек менен Исламбектин да кармалганы тууралуу кабар тарады. УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Матраимовдордун өздөрү менен байланышып, комментарий алуу боюнча "Азаттыктын" аракетинен майнап чыга элек.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси болот. Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясы Матраимовдорго тиешелүү экени маалым.

Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын акциясы массалык тополоңго айланып кеткенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG