Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Тоолуу Карабакта абал курч бойдон калууда


Азербайжан жана Армениядын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагындагы абал курч бойдон калууда. 7-октябрда эл аралык коомчулук аймактагы ок атууну токтотуу боюнча аракеттерди күчөткөнүнө карабай азери жана армян күчтөрү ортосунда куралдуу кармаш уланды. Армениянын Коргоо министрлиги өткөн түнү жаңжал зонасында чыңалган абал сакталганын кабарлады. Анда 8-октябрда эртең менен Ереван колдогон Тоолуу Карабактын бийлиги каршы тараптын чабуулунун мизин кайтарганын жана Азербайжан зыян келтиргенин маалымдалган.

Азербайжан бул маалыматка дароо жооп кайтарган жок. Бирок расмий Баку жикчил күчтөр өткөн түнү Азербайжандын бир нече айылдарына ракетадан аткылаганын жана курмандыктар бар экенин билдирген.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, ок атышуу уланууда. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болду. Түркия жана Орусиянын катышуусу менен бул жаңжал аймактык согушка айланып кетет деген чочулоолор айтылып келет.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-октябрдагы маегинде эки тарапты ок атууну тезинен токтотууга чакырды.

Тоолуу Карабактагы жаңжалды 1990-жылдардан бери токтотуу боюнча иш алып барып келген ЕККУнун алкагындагы Минкс тобуна кирген АКШ, Франция, Орусиянын өкүлдөрү Москвада 12-октябрда жолугушуу өткөрүүнү макулдашканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG