Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Европада коронавирус жугузгандар көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европанын бир нече өлкөсүндө коронавирус жугузгандар көбөйүүдө. Чехияда акыркы бир күндө 5335 адамдан вирус табылды. Мындай сан 10,7 миллион калк жашаган өлкө үчүн үчүн рекорддук көрсөткүч.

Ал эми Германияда болсо 4058 адам вирус жугузуп алган. Бул өлкөнүн бийлиги бул көрүнүштү көзөмөлдөө кыйын болуп жатканын эскерткен.

Чехияда илдеттен улам каза болгондор 829 адамды түзсө, Германияда пандемиянын курмандыктары 9571 кишиге жетти.

Италияда эпидемиологиялык абалды колдон чыгарбаш үчүн 7-октябрдан тартып көчөлөрдө беткап тагынуу талап кылына баштады. Мындай эрежени сактабагандарга 1000 евролук айыппул каралган. Август айынын тартып вирус жугузгандар көбөйө баштаган бул өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте мындай чечим коронавируска байланыштуу абалды көзөмөлдөш үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG