Жапониядагы кыргыз коомчулугу 8-октябрда кыргызстандыктарга кайрылды. Анда адилетсиз шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, кайра шайлоону талап кылып борбордук аянтка чыккан элди мыйзамсыз күчтөр пайдаланып кетишкени айтылат.
«Мурда соттолгон паракорлор, мамлекетке зыянын тийгизген бузукулар түрмөдөн мыйзамсыз бошотулду. Жер-жерлерде мамлекеттик органдарды басып алгандар болуп атат. Биз, Жапониядагы кыргыз жарандары ал жакта болуп жаткан адилетсиздикке кайдыгер карап тура албайбыз! Эл ошол бузукуларду бошотуш үчүн нааразылык акциясына чыкты беле?! Качанкыга чейин баягы эле бузукуларга өзүбүздү башкарта беребиз?! Биздин максат жана тилегибиз бир бузукуну айдап, ордуна башка бузукуну алып келүү беле?!» деп жазылган кайрылууда.
Жапонияда иштеп жана окуп жүргөн кыргыз жарандары саясий процесстин катышуучуларына кайрылып, Жогорку Кеңешти тез арада чогултуп, абалды мыйзамдуу жолго алып келүүгө чакырышкан.
Кайрылуу жазгандар «эгерде Жогорку Кеңештин депутаты кандайдыр себептер менен депутаттык ишин аткара албаса, мандатын тапшырып, кезектеги адамга ордун бошотуп беришин» талап кылышкан. Тез арада жаңы өкмөттү курап, мамлекеттик органдардын ишин жандандырууга чакырышкан. Алар парламенттик шайлоо өткөрүлүшү, «Люстрация жөнүндө» мыйзам даярдалышы, жаңы өкмөттү куроодо прогрессивдүү жаштар ишке тартылып, саясий шылуундарга элдик революциянын үзүрүн пайдаланып кетүүгө бөгөт коюлуш зарыл экенин жазышкан. Мындан тышкары Жогорку Кеңеш президенттин жоопкерчилигин карап, саясий жана укуктук баа берип, импичмент тууралуу чечим чыгарсын деген талап да жазылган.
Жапониядагы кайрылуу тараткан кыргыздардын пикиринде, буга чейин паракорлукка байланыштуу беренелер боюнча шектелгендер жана соттолгондор, мыйзамсыз байыгандар жана мамлекетке зыян алып келген мурдагы мамлекеттик кызматкерлер бийликке жолобошу керек. Алар азыр ар ким өз иши менен алек болуп жаткан чакта Кыргызстанды талап-тоноп жатышканын билдирип, буга каршы Кыргызстанда күрөшүп жаткан жарандарды колдоого үндөшкөн.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.