Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бейшембиде кечинде тараткан билдирүүүдө кыргыз бийлигин казак жарандарынын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Мекеменин сайтында жарык көргөн билдирүүдө «казакстандык инвесторлорго таандык бир катар ишканаларга чабуул коюу, басып алуу аракеттери болгону» айтылат.
«Казакстан Республикасынын жарандары болгон кызматкерлердин дарегине айтылып жаткан күч колдонуу тууралуу опузалар өзгөчө тынчсыздандырат», деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Терек-Сай райондорундагы алтын комбинаттарынын иши убактылуу токтогону кабарланган.
Бейшембиде казак маалымат каражаттары казакстандык «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясы иштетип жаткан алтын кени ишин токтотуп, кызматкерлер эвакуацияланганын маалымдашкан.
Коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемеси акыркы жылдарда казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына бир миллиард доллардан көп каражат инвестициялашканын кошумчалады.