Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Садыр Жапаров элге чыкпайт


Аянттагы митингдер.
Аянттагы митингдер.

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровду колдогон тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Ага катышып сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн ар кайсы облустарынан келгенин айтышууда. «Говори ТВ» каналынын Интернеттеги түз эфиринен бул митингге жүздөгөн адамдар катышып жатканын көрсө болот.

Митингдин модератору: «Садыр Жапаров бүгүн элге чыгып сөз сүйлөбөйт! Анын жашоосуна коркунуч жаралууда. Бирөөлөр «атып кетебиз» дегенинен сыртка чыгып, эл аралабаңыз деп койдук», - деди.

Сөз сүйлөп жаткандардын жана модераторлордун ким экени айтылган жок. Ошондой эле уюштуруучулар кечки ысык тамак уюштурулганын, чогулгандарды тарап кетпей, Жапаровду колдоп туруп турушарын улам-улам айтып жатышат.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы түшкө чейин бул митингди түз эфирде чагылдырып, бирок ага катышып жаткан айрымдардын опузасынан кийин митингден кетүүгө аргасыз болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG