Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев менен жолукту


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев президент менен жолугушууда. 9-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев президент менен жолугушууда. 9-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев менен жолугуп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу чараларын талкуулады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн мен Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча буйрукка кол койдум. Азыркы кырдаалга байланыштуу, биз шашылыш түрдү көзөмөлдү колго алып, тынчтыкты орнотушубуз керек», - деп билдирди Жээнбеков.

Өмүралиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчылыгына 9-октябрда президенттин жарлыгы менен дайындалган.

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган соң ок атылды. Белгисиз адамдар аянтка чогулгандарды көздөй таш ыргытып, автоунааны аткылашкан.

Аянттагы башаламандыкта саясий активист Тилек Токтогазиев да жараат алып, ооруканага түшкөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG