Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Пашинян: Кыргыз элине тынчтык каалайм


Ереванга чогулган өкмөт башчылар.
Ереванга чогулган өкмөт башчылар.

Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ереван шаарында 9-октябрда өткөн жыйынына Кыргызстандын премьер-министри катышкан жок.

Бул тууралуу жыйында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сөз кылып, Кыргызстандагы жагдайдын жөнгө салынышына тилектештигин билдирди.

“Кыргызстандын премьер-министри белгилүү себептерден улам Армениядагы жыйынга келе албай калганын өкүнүү менен белгилегим келет. Мен достук мамиледеги Кыргызстандын элине тынчтык жана ынтымак каалайм. Өлкө ичиндеги саясий кырдаалдын тез арада чечилишине тилектешмин”, - деди армян премьер-министри Никол Пашинян.

Еревандагы жыйынга Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын өкмөт башчылары катышты.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясы митингчилердин Ак үйгө кирип барышы менен аяктаган. Андан бери өлкөдө саясий абал курчуп турат.

6-октябрда Жогорку Кеңештин бир бир бөлүгү абактан бошонуп чыккан саясатчы Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөткөн. Бирок оппозициячыл партиялар бул чечим талаштуу экенин билдирип жатышат.

9-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазып, ага президент кол койгону маалым болду.

XS
SM
MD
LG