Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Акыйкатчы: 9-октябрдагы окуя эгемендикти жоготуп алчу чекке чейин жетти


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкөнүн жана жарандардын келечеги алдындагы жоопкерчиликти терең түшүнүүгө чакырды. Мамлекеттик бийликтин легитимдүү органы болуп турган парламент толук курамда чогулуп, жаңы өкмөттү бекитиши керектигин, каршылашып жаткан саясий күчтөрдүн, бирикмелердин жана партиялардын ортосунда бекем көпүрө болуп бериш үчүн акылмандыгын жана сыпайылыгын көрсөтүшү зарылдыгын эскертти.

Бардык саясий күчтөргө жолдогон кайрылуусунда омбудсмен кырдаалдын чыңалуусун токтотууга, жеке таарынычтар менен ич ара айыптоолорго жетеленбөөгө чакырды.

9-октябрда болгон окуя Кыргызстандын эгемендигин жоготуп алууга алып келчү чекке жеткиргенин айтты.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган. Аларга Садыр Жапаровдун тарапкерлери таш, бөтөлкө ыргытканы кабарланган. Курал колдонулуп, ок атылган. Алар өзүлөрү бул окуяга тиешеси жок экенин айтышкан. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Аянттагы башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Жапырт башаламандык” беренеси боюнча катталганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG