Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

COVID-19: Бир күндө беш адам каза болду, 307 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб элди сак болууга чакырып, бул вирустан жана пневмониядан каза болгондор боюнча көрсөткүч оорлой баштаганын билдирди.

Штабдын бүгүнкү, 10-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери беш адам каза болду, алардын экөө Бишкекте, үчөө Ош облусунда. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 082ге жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 307 адамдан табылды. Алардын эң көбү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкекте. Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 48 924кө жетти.

Бир күндө 130 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1 642 адам жатат, дагы 1 520 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 393га жетти, алардын 3081и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 14 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. (RK)

XS
SM
MD
LG