Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Ала-Тоо аянтында күч кызматкерлери жана аскердик техника топтолду


Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 10-октябры.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 10-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында ушу тапта милициянын гарнизондук тизилүүсү өтүп жатат. Аянтка ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев барды.

Ошол эле жерде саясатчы Садыр Жапаровду жактаган ураандар менен бир топ адамдар турушат.

Элдик кошуундардын өкүлдөрүн да көрүүгө болот.

Үн күчөткүч менен сүйлөгөндөр митингчилерди тарап кетүүгө үндөп жатат.

Аянттан катар-катар тизилген күч кызматкерлерин жана аскердик автомашиналарды көрүүгө болот.

Ушул эле учурда Эски аянтта Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG