Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Sputnik.kg сайтынын редакциясы коркутуп-үркүтүүгө кабылганын кабарлады


Бишкекте Sputnik.kg маалымат сайты кеңсесине 25-30 чакты белгисиз бирөөлөр барып коркутканын, алар саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингди чагылдырууну талап кылганын кабарлады. Ал адамдардын митингге тиешеси бар же жогун аныктоо мүмкүн болгон жок.

Редакция эркектер тобу барып, 30 мүнөт ичинде митингди чагылдыра баштабаса эшиктерин талкалап, күзөтчүнү ур-токмокко ала турганын билдиришкенин маалымдады.

Sputnik сайтынын редактору Эркин Алымбеков милиция чакырууга аргасыз болушканын билдирди.

9-октябрда «Азаттык» радиосунун кабарчысы да Өкмөт үйүнүн алдында Жапаровдун Эски аянттагы митингин чагылдырып жатканда коркутуп-үркүтүүгө кабылган. Түз эфир учурунда журналистке белгисиз бирөөлөр келип, «Азаттык» митингди туура эмес чагылдырып жатканын айткан. Журналист анын колунан тарткылашып, бутуна тебишкенин, коопсуздук үчүн аянттан кетүүгө мажбур болгонун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG