Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

УКМК: Фарид Ниязов кармалды


Фарид Ниязов. Архивдик сүрөт.
Фарид Ниязов. Архивдик сүрөт.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Бишкекте жапырт башаламандык уюштурууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, Ниязов борбор калаадагы башаламандык боюнча ыкчам тергөө иштеринин алкагында кармалды. Азыр бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды да издөө уланып жатканы белгилүү болду.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясы милиция менен кагылышуу жана президенттик аппарат жана парламент жайгашкан кеңсеге кирип баруу менен коштолгон. Ошол түнү абакта жаткан бир топ саясатчылар бошонуп чыккан. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жансакчылары, тарапкерлери бар болчу. 9-октябрда алар Ала-Тоо аянтында өткөн тынч митингге катышышкан. Митинг учурунда Эски аянтта абактан 6-октябрга караган түнү бошонуп чыккан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин акциясы да өтүп жаткан. Ортодо башаламандык чыгып, беш адам ооруканага түшкөн. Бишкек милициясы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бул окуя “жапырт башаламандык” деген берененин негизинде каттоого алынганын билдирген.

Буга чейин бүгүн Атамбаев жана анын эки жансакчысы кайра кармалганы белгилүү болгон.

Ниязов 2019-жылдагы Август окуясына байланыштуу абакта отурган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG