Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

УКМК Салайдин Авазов кармалганын билдирди


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Салайдин Авазов (оңдо). Май, 2017-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Салайдин Авазов (оңдо). Май, 2017-жыл.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Салайдин Авазов 11-октябрда ыкчам издөө иштеринин негизинде кармалды.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө 6-октябрга караган түнү камактан мыйзамсыз бошотулган Авазов Жаза аткаруу кызматына караштуу абакка жеткириле турганы, ошол жерде жазасын өтөөнү улантары айтылган. Анын кайсы жерден кармалганы такталган эмес.

Салайдин Авазов Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бири. Сот аны 11 жыл үч айга эркинен ажыраткан.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Ошондо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу да чыгып кетишкен. Мындан тышкары бир катар башка адамдар да чыгып алышкан, алардын арасында 10-октябрда премьер-министр болгон Садыр Жапаров да бар болчу. Жапаровдун жактоочулары анын бошонуусу мыйзамдуу болгонун белгилеп жатышат. Атамбаев жана анын тарапкерлери 10-октябрда кайра камалышты. (NT)

XS
SM
MD
LG