Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Вирус жугузган медкызматкерлер 3400дөн ашты


Кыргызстан, Бишкек. Август, 2020-жыл.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 22 медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын 11-октябрдагы маалыматына караганда, илдетке чалдыккан кызматкерлердин сегизи Ош облусунда, алтоо Ош шаарында, төртөө Баткен, дагы төртөө Жалал-Абад облусунда.

Ал эми бир суткада стационардан бир, үй карантинден үч медкызматкер айыгып чыкканы кабарланды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу башталган март айынан бери вирус жугузган медициналык кызматкерлер 3415ке жетти. Вирус 80ден ашык медкызматкердин өмүрүн алды.

Коронавирус жугузуп алган 3085 медкызматкер айыгып чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG