Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Бакыт Аманбаев: Аида Касымалиеванын айткандары негизсиз


Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

“Мекенчил” партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлаган парламент жыйынында депутаттар коркутууга кабылды деген пикирин негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирди.

Бакыт Аманбаевдин айтымында, парламент жыйынында кворум болгон жана Садыр Жапаровдун шайланышы мыйзамдуу. Ошондой эле ал Аида Касымалиеванын эл өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев коркутуп жүргөн дегенине да кошулбайт:

“Төрт күндөн бери Кыргызстан оор абалда, өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучунда турат. Бирден-бир легитимдүү орган деп Жогорку Кеңеш аталып жатат. Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп туруп, өлкөнү укуктук талаага келтирүүгө ар бир депутат өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, отурумга катышып, каршы болсо каршы пикирин айтышы керек болчу да. Тескерисинче отурумга келип, бирок катышпай, кетип калып, ар кандай сөздөрдү айтууну кандай деп бааласак болот? Коркутту десе, ал мектептин кичинекей окуучусу же катардагы адам эмес да. Ал деген Жогорку Кеңештин депутаты. Эмне үчүн ошол жерде маалымат жыйынын өткөрбөйт. Анткени ал жерде ЖМК өкүлдөрү көп жүрдү”.

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Биримдик" партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча 10-октябрдагы кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыккан.

Ал 11-октябрда парламенттин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаев "добуш бересиң" деп коркутканын, мындай опузага башка депутаттар да кабылганын "Азаттыкка" ырастаган.

Депутат "Фейсбуктагы" баракчасына мыйзамсыздык болгону үчүн кезексиз жыйындан чыгып кеткенин буга чейин жарыялаган.

Депутат Урматбек Самаевдин өзү менен байланышуу, Аида Касымалиеванын билдирүүсү тууралуу комментарий алуу боюнча аракет азырынча натыйжа бере элек.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери сессия мыйзамдуу өткөнүн айтып жатышат. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп билдирди.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.

Буга чейин КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Дастан Бекешев "Азаттыкка" кворум болбогонун, жыйында регламент тууралуу мыйзам бузулганын билдирген. Бекешев өзү жыйынга катышкан эмес. Укук коргоочу Динара Ошурахунова жыйынга 41 депутат катышканын белгилеп, мындай жагдай өкмөт башчынын легитимдүүлүгүнө шек жаратат деп эсептейт. Анын айтымында, бул добуш берүүнүн мыйзамдуулугун сот аркылуу аныктоо аракеттери көрүлүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG