Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Минскидеги митингде 50дөй демонстрант кармалды


Минскидеги кармоо, 11-октябрь 2020-жыл.
Минскидеги кармоо, 11-октябрь 2020-жыл.

Беларустун баш калаасы Минскиде демонстранттар менен күч кызматкерлери кагылышып, анын натыйжасында 50дөй киши кармалды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду жана чогулгандарга суу бүрктү.

Беларустун Журналисттер биримдиги кармалгандардын арасында кеминде 10 журналист бар экенин кабарлады. Орусиялык ТАСС жаңылыктар агенттиги үч кабарчысы кармалганын билдирди.

Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келет. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.

Светлана Тихановская башында турган оппозициячыл кыймылдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG