Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Абдыганы Эркебаев: 6-10-октябрдагы парламент жыйындарында Конституция бузулду


Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев 11-октябрда Кыргызстандагы акыркы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Эркебаев эки чакырылыштагы парламенттин экс-спикери катары президент менен Жогорку Кеңештин саясий кырдаалды турукташтыруу жана укуктук талаага кайтуу боюнча аракеттерин колдой турганын айткан.

Ошол эле кезде парламент депутаттарынын 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы жыйындарын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирген.

Эркебаевдин пикиринде, бул жыйындарда Конституциянын 75, 77, 6-беренелери бузулган. Бул мыйзамдарга ылайык, жыйынга депутаттардын көпчүлүгү келбесе, төрага жашыруун добуш берүү аркылуу шайланууга тийиш.

"Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ, Кыргыз Республикасында түз таасири бар. Муну саясий процесстин бардык катышуучулары эске түйүп, кыңк этпестен аткарышы керек. Ошондуктан, юристтердин жана башка көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин пикирине тилектеш болуп, Жогорку Кеңешти кайрадан жыйынга чогулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн кворумду камсыз кылууга чакырам", - деген Эркебаев парламент кабыл алган чечимдер күмөн жаратпашы үчүн кайрадан жыйын өткөрүү маанилүү экенин белгиледи.

Коомдук ишмердин айтымында, эл аралык коомчулуктун да бул чечимдерди таанышы маанилүү. Абдыганы Эркебаев президент Сооронбай Жээнбековдун өз ыктыяры менен кызматын тапшырам деген билдирүүсү тууралуу да пикирин билдирип, мындай кадам парламенттик шайлоо өтүп, Жогорку Кеңеш менен өкмөт укуктук негизде куралгандан кийин жасалышы керек деп эсептейт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка, УКМКга кирип баруу менен аяктаган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ушул эле жыйында өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы кабарланган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен. Садыр Жапаров кезексиз жыйындан кийин уюштурган маалымат жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп билдирди "Азаттыкка".

11-октябрда президенттин аппараты премьер-министрди бекитүү тууралуу токтом Жогорку Кеңештен келе электигин билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG