Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:19

Индияда коронавирусту жугузуп алгандар 7 миллиондон ашты


Нью-Делидеги крематорий, 28-сентябрь 2020-жыл.
Нью-Делидеги крематорий, 28-сентябрь 2020-жыл.

Индияда 11-октябрда дагы 74 383 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен 1,4 миллиарддай калкы бар бул өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын жалпы саны 7 миллиондон ашты. Пандемия башталгандан бери Индияда бул илдеттен 108 миңден ашуун адам көз жумду. Вирустун жайылышы боюнча Индия АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Кошмо Штаттарда соңку эки айда биринчи жолу коронавирусту жугузгандар эң жогорку чегин көрсөттү. Бул өлкөдө 10-октябрда 58 миңден ашык адамдан коронавирус табылды. Кеминде он штатта бир күн ичинде эң жогорку көрсөткүч катталды.

Коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө үчүнчү сапта турган Бразилияда соңку бир суткада 559 бейтап көз жумду. Бул өлкөдө пандемиянын курмандыктарынын жалпы саны 150 миңден ашты.

Төртүнчү катардагы Орусияда да акыркы бир күн ичинде 13 600дөй адамдан вирус табылып, алардын жалпы саны 1 миллион 291 миңден ашты.

Вирус кайра күчөп жаткандыктан Европа баштаган бир катар чөлкөмдөрдө карантин чаралары кайра киргизилүүдө. Ирандын бийлиги да 11-октябрдан тартып баш калаа Тегерандын тургундарын беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG