Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты


Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.
Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташып, көмүр казуу иштери жүрүп, кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийдегүл Зоотбекова 12-октябрда билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Кара-Кече кенинен бир суткада орто эсеп менен 3500 тонна көмүр чыгарылып жатат. Күн сайын 150-170 машине «Борбордук» участогунан көмүр ташууда. Азыр 270 000 көмүр казылып, жүктөөгө даяр турат.

Зоотбекованын маалыматына караганда, кенде жумушчулар күнү-түнү иштеп жатышат. Кенге алып барган убактылуу жолдо транспорттун өтүшү үчүн кооптуу аймак дагы эле бар.

Бишкекте парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясынан 6-октябрга караган түнү массалык тополоң менен аяктагандан кийин ошол күнү Кара-Кече көмүр кенин топ киши басып алган.

Ишкананын жетекчиси Канатбек Ашырбаев буга чара көрүүнү өтүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Ага чейин, сентябрда кенге алып барган жолго таш, көчкү түшүп, жабылып калган. Өкмөт көмүр ташууну үзгүлтүккө учуратпаш үчүн убактылуу жол ачылганын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG