Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда күч түзүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилери менен өлкөдөгү коопсуздукту талкуулады. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууга Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев катышты.
Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу, жарандардын саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Жээнбеков бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык, туруктуулук, эл коопсуздугу турушу керек экенин баса белгиледи. Ал Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен күч органдарынын ортосундагы өз ара байланышты жакшыртуу керек экенин айтты.
Өмүралиев өзгөчө абал режиминин алкагында аскерлер өз кызматын улантып, Бишкек шаарынын комендатурасы менен чогуу иштешип жатканын маалымдады.
Орозалиев борбор шаарда өзгөчө абал киргизилгенден бери кылмыштуулук кескин азайганын билдирип, шаардыктар азыркыдай тартиптин мөөнөтүн дагы узартууну суранып жатышканын айтты.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүүдө. 10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган. Бирок парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.
Президент Жээнбеков ишин «Ала-Арча» резиденциясында улантууда. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан. 9-октябрда президент баш калаада өзгөчө абал режимин киргизген. 6-октябрга караган түнү нааразылык акциясына чыккан бир адам каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган. (RK)