Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Баткенде жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилди


Баткен.
Баткен.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу боюнча курулуш, оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, имарат пайдаланууга берилди.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-октябрдагы маалыматына караганда, 7-октябрдан тартып ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.

Имаратка жылуулук берилгени, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалып, үч жасалма дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулганы кабарланды. Облуста коронавирус менен ооругандар үчүн ооруканада жалпы 538 орун даярдалды.

Кыргызстанда акыркы күндөрдө коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Акыркы суткада вирустан беш киши кайтыш болду. Илдет 298 кишиден жаңы табылды.

Вирустан кайтыш болгондор жана аны жугузуп алгандар Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында, андан кийин Бишкек шаарында басымдуу болууда.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи. Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алышкан.

Июлдун этегинде бийлик Бишкекте 100 орундуу, Баткенде 90, Кара-Сууда 150, Нарында 70 орундуу бейтапкана курула баштаганын жарыялаган.

Баткенде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу боюнча курулуш иштерине мамлекет 12 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG