Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

БШК Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берген жок


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү маселесин чечкен жок. Бүгүн, 12-октябрда бул маселе БШКнын жыйынында каралды. Комиссиянын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов жыйынга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны катышпаганын жана бош мандат жок экенин журналисттерге билдирди:

«Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке мандатты кайтарып берүү боюнча даярдалган чечимдин долбоорун коллегалар кабыл алган жок. Биз бул маселени БШК мүчөлөрүнүн сегизден кем эмеси менен кабыл алышыбыз керек. Тийиштүү добуш жеткен жок. Маселени кароого негиз БШК мүчөлөрүнүн толук курамы болгондо, андан сырткары, бош калган мандат болсо пайда болот. Бош мандат болсо, ошону өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасак деген чечимге келдик».

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон. Саясатчы өзү бул чечимге комментарий бере элек.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

Депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамга ылайык, соттун айыптоочу өкүмү жок болсо мандат берилиши шарт.

Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган. (RK)

XS
SM
MD
LG