Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

ЖК: Мирлан Бакиров өкмөттүн курамы менен программасын бекиткен токтомго кол койду


"Ала Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жыйын, 10-октябрь, 2020
"Ала Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жыйын, 10-октябрь, 2020

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер жана парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирип, токтом расмий жарыяланарын кошумчалады.

10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Ибрагим Нуракун уулу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган тизменин көчүрмөсүнө караганда, кезексиз жыйынга 54 депутат катышкан, 10 депутат ишеним кат берген. Алардын айрымдары ишеним катты өзү мүчө болбогон фракциянын депутаттарына беришкени билинди.

Ошол эле мезгилде кезексиз жыйын өткөрүүдө 61 депутат катышып, тилкат добуш берүүдө гана саналышы керек деп эсептеген башка депутаттар, юристтер процедура бузулганын айтып, кезексиз жыйынды легитимсиз деп жатышат.

Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындан чыгып кетсе да, тизмеге кирип калганын айтып чыкты.

Садыр Жапаров 10-октябрда кезексиз жыйындан кийин уюштурган маалымат жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп "Азаттыкка" билдирди.

Мыйзам боюнча жыйын тууралуу токтомго президент үч күн аралыгында кол койгондон кийин чечим күчүнө кириши керек. (NT)

XS
SM
MD
LG