Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы каралууда


Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.
Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.

Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттик шайлоого катышкан «Социал-демократтар» партиясынын тизмесиндеги жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын караганы жатат. Аны менен кошо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 6-октябрдагы башаламандыкта бошотулган тарапташтары Фарид Ниязов, Канатбек Сагымбаев да бөгөт чарасын караш үчүн сотко жеткирилди. Булар Ала-Тоо аянтындагы митинг убагындагы жаңжалга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда 48 саатка камалган.

Соттун имаратынын алдына чогулгандар «Темирлан! Темирлан!» деп кыйкырып турушат. Буга чейин социалдык тармактарда 22 жаштагы саясатчы Султанбековду камактан бошотуш керек деген пикирлер айтылып жаткан.

Канатбек Сагымбаев Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.
Канатбек Сагымбаев Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.

Мындан тышкары бүгүн, 10-октябрдагы Ала-Тоо аянтындагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун да бөгөт чарасы каралат. Бишкектеги 10-октябрдагы окуяга байланыштуу Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилгени кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG