Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Касымалиева: Бакировду токтомго кол коюуга мажбур кылышты


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева вице-спикер Мирлан Бакиров парламенттин 10-октябрдагы жыйыны боюнча токтомго кол коюуга аргасыз болгон деп эсептейт. Бул тууралуу Касымалиева 12-октябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Ал Бакировду кол коюуга мажбур кылышканын белгилеп: «Эч нерсе өзгөргөн жок. Мыйзамсыз нерсе мыйзамсыз бойдон калууда. Бир гана нерсе өзгөрдү. Кылмыш ишине негиз бар. Ошондой болоруна ишенем» деп билдирди.

10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 6-октябрга караган түнкү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган.

Бир катар депутаттар, юристтер кезексиз жыйын өткөрүүдө 61 депутат катышып, тилкат добуш берүүдө гана саналышы керек деген негизде процедура, регламент бузулганын айтып, кезексиз жыйынды легитимсиз деп жатышат. Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындан чыгып кетсе да тизмеге кирип калганын, добушу кошо эсептелгенин, бул мыйзамсыз экенин билдирген.

Ошол жыйында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго кол койгонун 12-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирип, токтом расмий жарыяланарын кошумчалады.

Бакиров Касымалиеванын билдирүүсүнө комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG