Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Нышанов: Иса Өмүркулов суранган үчүн тилкатын алып баргам


Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

Алтынчы чакырылыштагы парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов 10-октябрдагы кезексиз сессияда КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун атынан анын ишеним каты аркылуу добуш бергени, жыйындагы кворумга байланышкан талаш-тартыш боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал ишеним катты Өмүркуловдун өтүнүчү менен жыйынга алып барганын айтты.

«Мага алып келип, жыйынга кечигип кала турганын айтып, суранганынан алып баргам. Мен санаган эмесмин. Ал жерде деле жоопкерчиликтүү адамдар болот. Сессия ачылышы үчүн 61и депутат катталышы керек экен. Эгер 61 депутат жок болсо кворум болбой калат. Аны ошол жердеги жооптуу адамдар эсептейт да. Мен кирип отургам. Санаганда ошону такташ керек эле. Бирок 61 депутат ошол жерде катышканда гана кворум болот экен да», - деди Сайдулла Нышанов.

10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган. Жапаров жыйындан кийин уюштурган басма сөз жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган.

Бир катар депутаттар, юристтер кезексиз жыйын өткөрүш үчүн 61ден кем эмес депутат катышууга тийиш экенин, бул сессияда процедура, регламент бузулганын айтып, кезексиз жыйынды легитимсиз деп жатышат.

Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындан чыгып кетсе да тизмеге кирип калганын, добушу кошо эсептелгенин, бул мыйзамсыз экенин айтып чыкты. КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Дастан Бекешев бул жыйында кворум болбогонун, кээ бир депутаттар башка фракциядан ишеним кат алып, муну менен регламент бузулганын билдирген. Буга «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановго КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркуловдун ишеним кат бергенин мисал келтирген.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров 12-октябрда өкмөттүн жаңы курамы менен программасын бекиткен токтомго кол койгону кабарланды.

Жарандык активист Мелис Аспеков: «Кворум болгонун Мыктыбек Абдылдаев (Ред.: Дастан Жумабеков арыз жазганы айтылгандан кийин спикерлик милдетти аткарып жаткан депутат Мыктыбек Абдылдаев 10-октябрдагы кезексиз жыйында кызматтан кеткенин жарыялаганы айтылган) өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду», - деп «Азаттыкка» маалымдаган. Мыйзам боюнча жыйын тууралуу токтомго президент үч күн аралыгында кол койгондон кийин чечим күчүнө кириши керек. (NT)

XS
SM
MD
LG