Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:27

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов соттун чечими менен бир айга камалды


Тилек Матраимов.
Тилек Матраимов.

Ош шаардык сотунун чечими менен Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов бир айга камакка алынды.

Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун чечимине ылайык Тилек Матраимов 9-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагында камакта болушу керек.

Прокуратура анын бөгөт чарасын Жазык кодексинин 358-беренесинин негизинде («Чек арадан мыйзамсыз өтүү») аныктап берүүнү жана бир айга камакка алууну соттон өтүнгөн. Сот аны канааттандырган.

Тилек Матраимов жана анын туугандары, жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы мурда кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергени маалым болгон.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. (NT/DU)

XS
SM
MD
LG