Кыргызстандын аймагында коомдук абал туруктуу жана тартип органдарынын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу 13-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекте милиция кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бетин ачуу иштерин башка күч түзүмдөрү менен бирге жүргүзүп жатат.
12-октябрга карата бир күндө республика аймагында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 303 материал катталды, алардын 151и кылмыш, калган 152си жорук.
Коомдук коопсуздукту камсыз кылууга элдик кошуундар да жардам берип жатышат.
Милиция Бишкек шаарынын тургундарына кайрылып, коменданттык саат тынталаптарын аткарууга чакырды.
4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий абал курчуп, Бишкекте башаламандык катталган. Президент Сооронбай Жээнбеков баш калаанын аймагында өзгөчө абал жарыялап, коменданттык саат эрежелерин киргизген. (RK)