Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Коомдук-саясий чөйрө өлкөдөгү кырдаалды талкуулап жатат


Бишкек.

Парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы жыйындарын мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал 13-октябрда Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди.

Эркебаев эки жыйында тең бир нече конституциялык мыйзам бузулганын айтып, аларда кабыл алынган чечимдер туура эмес экенин белгиледи. Ал мурунку төраганы кетирүүдө кворум болушу керек экенин, өкмөт башчыны, өкмөт мүчөлөрүн шайлоодо мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер сакталбай калганын айтты. Эркебаев парламентти тез арада кайра чогулуп, өкмөт башчыны мыйзамдын негизинде шайлоого чакырды жана мыйзамсыз шайланган бийликти эл аралык коомчулук тааныбай коюшу мүмкүн экенин эскертти.

Бүгүнкү жыйында парламенттин соңку чечимдерине макул болбогондорго карата каршы пикир да айтылууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев Садыр Жапаровдун шайланышынан шек санагандарды сындады. Ал Жапаровду эл колдоп жатканын белгилеп, каршы болгон тарап менен кагылыш болуп кетиши ыктымал деген пикирин айтты. Молдобаев өлкөнүн туруктуулугу үчүн тараптар сүйлөшүүгө барышы керек экенин белгиледи.

13-октябрда Бишкекте саясатчылар, укук коргоочулар, эксперттер өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулап жатышат. Алар өкмөттү шайлоо боюнча парламенттеги соңку жараяндын укуктук жагын талдашууда.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун эртеси күнү Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги өткөн. Ошол түнү президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратка митингчилер кирип барышкан. Ошондон бери парламенттин бир катар депутаттары эки жолу – 6-октябрда жана 10-октябрда жыйынга чогулду. Экөөндө тең 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров премьер-министр болуп тандалганы айтылды.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго 12-октябрда кол койду.

Бирок айрым депутаттар бул жыйындар мыйзамсыз болгонун белгилеп жатышат. (TSh/RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG