Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

COVID-19: Бир күндө эки киши кайтыш болду, 343 кишиден вирус табылды


COVID-19 дартын аныктаган лаборатория. Бишкек шаары.
COVID-19 дартын аныктаган лаборатория. Бишкек шаары.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 13-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы эки киши кайтыш болду.

Анын бири Ош облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургуну.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1092 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Акыркы жумаларда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү. Оору жугузуп алгандардын көбөйгөнү акыркы күндөрдө көп байкалууда. Расмий эсепке караганда, вирус күн сайын 300дөй кишиден лабораториялык жол менен аныкталып жатат.

13-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 343 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 871 кишиге жетти. Анын 44 712и сакайганы айтылды. Бир күндө 190 киши ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1776 бейтап стационарда, 1833ү үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG