Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Мирлан Бакиров: Токтомго кол коюуга эч ким мажбурлаган жок


Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери.
Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, 10-октябрдагы кезексиз сессияны алып барган депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен токтом тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Ал Жогорку Кеңештин коллегиалдуу чечимин бекиткен токтомго жоопкерчилик менен кол койгонун, эч ким мажбурлабаганын билдирди:

«Кабыл алган токтомдорду кайрадан иштеп чыгып, оңдоп-түздөп юридикалык жагын жалпы бөлүм, экспертизалык бөлүм карап, колдорун коюп келгенден кийин ошол отурумду алып барган төраганын колун коюп берүү менин милдетим болду».

Вице-спикер ошондой эле жыйынды алып баруу укугун өзүнө өткөрүп берген Мыктыбек Абдылдаевдин сөзүнө таянып, анда кворум болгонун, ишеним катка, депутаттардын санына байланышкан дооматтар регламентте жок экенин белгиледи.

Мирлан Бакировдун пикиринде азыр президенттин жана Жогорку Кеңештин гана бийлиги легитимдүү. Ошондуктан, парламенттик кайра шайлоо өтүп, өкмөт толук иштегенге чейин президент Жээнбеков кетүү жөнүндө оюнан кайтып турушу керек. Ал эми азыркы убактылуу өкмөт мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде президенттин жарлыгы чыгып, ант бергенден кийин толук курамда ишке кирише алат.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров 12-октябрда өкмөттүн жаңы курамы жана программасы боюнча токтомго кол койгону кабарланган. Ага чейин ал бул токтомго басым менен кол коюшу мүмкүн деген божмолдор айтылып жаткан. Жогорку Кеңештин дагы бир вице-спикери Аида Касымалиева муну мыйзамсыз кадам, «Мирлан Бакиров мажбурлоо жолу менен кол койсо да бул токтом абалды өзгөртпөйт» деп билдирген.

Бир катар депутаттар, юристтер кезексиз жыйын өткөрүүдө 61 депутат катышып, ишеним кат добуш берүүдө гана саналышы керек деген негизде процедура, регламент бузулганын айтып, кезексиз жыйындын чечимин легитимсиз деп эсептеп жатышат.

Садыр Жапаров премьер-министр катары 12-октябрда өкмөттүн аппараты менен жыйын өткөргөнү кабарланды. 11-октябрда ал ички иштер министринин кызматына Улан Ниязбековду дайындаган. Өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековдун кызматта калууга моралдык укугу жок деп эсептешет. (NT)

XS
SM
MD
LG