Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү ишкерлерди опузалоого жол берилбей турганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары 10-октябрдагы кезексиз жыйында өкмөт башчы деп тааныган Садыр Жапаров «курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт» деп билдиргенин өкмөттүн сайты жазды.

Маалыматка караганда өкмөт жыйынында Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Улан Ниязбековго «кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюуну тапшырды».

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын ээлерин белгисиз адамдар опузалап акча талап кылып, менчигин тартып алуу аракеттери болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарда түрдүү маалыматтар тароодо.

Социалдык түйүндөр аркылуу 12-октябрда тараган видеодон бир топ киши жаш келинге кагаз жаздырып жатканын көрүүгө болот. Келин «Чок-Тал айылына бир миллион сом берилет» деп мөөнөтүн тактап жазып, ал эми жанындагылар «аткарылбаса нааразылык боло берет» деп айтып жатканы видеого тартылып алынган.

13-октябрда ондогон бизнес уюмдардын атынан бийликке кайрылуу жарыяланды. Ишкерлер парламентти кезексиз жыйынга чогулууга, күч түзүмдөрүн элдин, жеке менчиктин жана ишкерликтин коопсуздугун камсыз кылып берүүгө жана рейдердик басып алуу, талап-тоноо аракеттерине бөгөт коюуга чакырышты. (RK)

XS
SM
MD
LG