Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Президент эл аралык коомчулукка ишенимдүү маалымат берүүнү тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алган учуру. 13-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.
Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алган учуру. 13-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Президенттин сайтындагы кабарга караганда, жолугушууда Чыңгыз Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берди. Ал тышкы дүйнө Кыргызстандагы жаңылыктарга кунт коюп көңүл буруп, өзү менен ар дайым байланышта болуп, кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануусун билдирип турганын айтты.

Маалыматка караганда, Айдарбеков БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело, элчи, Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен болгон жолугушуулары жөнүндө да айтып берди.

Бул жолугушууларда БУУнун жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнө Кыргызстан үчүн Конституциянын талаптарын сактоо менен өлкөдөгү саясий күчтөрдүн ортосундагы кеңири саясий диалог аркылуу укуктук алкакка тез арада кайтып келүү маанилүү экени айтылган.

Мындан сырткары, Айдарбековдун билдирүүсүндө бул жолугушууларда учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салыш үчүн укуктук негизде бардык аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу сөз болуп, кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Айдарбековдун айтымында, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү бийликтин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдогон, зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосуна ыраазычылык билдирип, учурдагы татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керек экенин белгиледи.

Буга чейин БУУ жана Евробиримдик Кыргызстандагы бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааный тургандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун эртеси күнү Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги өткөн. Ошол түнү президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратка митингчилер кирип барышкан. Ошондон бери парламенттин бир катар депутаттары эки жолу – 6-октябрда жана 10-октябрда жыйынга чогулду. Экөөндө тең 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров премьер-министр болуп тандалганы айтылды.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго 12-октябрда кол койду.

Айрым депутаттар бул жыйындар регламентти бузуу жолу аркылуу өткөнүн айтып, аны легитимсиз деп эсептешүүдө. Жапаровдун тарапташтары мыйзам бузулду дегенге макул эмес жана президент Сооронбай Жээнбековду кызматын өткөрүп берүүгө чакырып жатышат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында иштеп жатканы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG