Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулганы жатат


«Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз сессия. 10-октябрь, 2020-жыл.
«Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз сессия. 10-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октябрда кезексиз жыйынга чогулганы жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйын 16:00дө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында башталары айтылды.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун эртеси күнү Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги өткөн. Ошол түнү президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратка митингчилер кирип барышкан. Ошондон бери парламенттин бир катар депутаттары эки жолу – 6-октябрда жана 10-октябрда жыйынга чогулду. Экөөндө тең 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров премьер-министр болуп тандалганы айтылган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго 12-октябрда кол койду.

Айрым депутаттар бул жыйындар регламентти бузуу жолу аркылуу өткөнүн айтып, аны легитимсиз деп эсептешүүдө. Жапаровдун тарапташтары мыйзам бузулду дегенге макул эмес жана президент Сооронбай Жээнбековду кызматын өткөрүп берүүгө чакырып жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG