Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Жээнбеков жана Жапаров Орусия президентинин өкүлү менен жолугушту


Дмитрий Козак.
Дмитрий Козак.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу президентке караштуу расмий president.kg сайты 13-октябрда жазып чыкты.

Маалыматта өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштөр экени, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарына мүчө экени белгиленген.

Президенттин сайтындагы маалыматта орус тарап Кыргызстанда учурдагы кырдаал башталгандан бери тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча жардам сунуштаганы да белгиленген.

Маалыматта Козак орус президенти Путиндин тапшырмасы менен келгени, жолугушууга Садыр Жапаров да катышканы кошумчаланган.

Бул кездешүүдө эмне сөз болгону, кайсы маселе талкууланганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка бир топ депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Жапаровдун тарапташтары мыйзам бузулду дегенге макул эмес жана президент Сооронбай Жээнбековду кызматын өткөрүп берүүгө чакырышууда.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол кое элек. Президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттү үч күн ичинде жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Буга чейин Жээнбеков абал турукташкан соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG