Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Ишкер Сыргак Кенжебаев кайра абакка отургузулду


Сыргак Кенжебаев. Архивдик сүрөт.
Сыргак Кенжебаев. Архивдик сүрөт.

Ишкер Сыргак Кенжебаев кайрадан абакка отургузулду. Бул тууралуу анын жубайы Ширин Айтматова «Твиттердеги» баракчасына 12-октябрда жазды.

Кенжебаев абактан 6-октябрга караган түнү бошонуп чыккан. Ошол түнү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг бийликтин башкы имаратын басып алуу менен аяктап, камакта отурган бир топ саясатчылар бошонгон. Алардын дээрлик баары кайра кайтарылды.

Кенжебаевди 2019-жылы 19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алматы аэропортунан кармап, Кыргызстанга алып келген.

УКМК Кенжебаев «ири өлчөмдөгү алдамчылык» боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Кармалгандан кийин ишкер УКМКга камакка алынып, кийин №1 тергөө абагына которулган. Атайын кызмат ишти иликтөөнү да ИИМге өткөрүп берген.

Кенжебаев - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматованын күйөөсү. Ширин Айтматова - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал оппозициялык «Үмүт 2020» кыймылын негиздеген. (RK)

XS
SM
MD
LG