Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

«Биз коронавируска каршыбыз» аттуу акция өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл аймагында, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак жана Нариман айыл аймагында мектеп окуучулары «Биз коронавируска каршыбыз» деген акция өткөрүштү.

Акция COVID-19 вирусуна каршы күрөш боюнча атайын долбоордун алкагында өттү.

Бул тууралуу долбоорду ишке ашырган «Search for Common Ground» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Анда чоңдор үчүн спорттук мелдештер, кичинекей балдарга «Таза колдор» сынагы уюштурулду. Онлайн жүргүзүлгөн сынакта балдар колду качан, канча жолу самындап жууп, тазалыкты сактоо боюнча ойлорун ортого салышты.

Нариман айыл аймагындагы мектеп окуучулары жарандарга медициналык тез жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, мектепте атайын медициналык бурч ачышты. Анда тез жардам көрсөтүүгө керектүү жабдыктар коюлду. Долбоордун алкагында атайын чакырылган дарыгер 9-10-11-класстын окуучуларына аларды колдонуп, ооруган же жабыркаган адамга тез жардам көрсөтүүнү окутуп, үйрөттү.

Ал эми Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы мектеп окуучулары айылдаштарына фейк маалыматтарды аныктоо, маалыматтарга сын көз менен карап, туура эместерин иргей билүү жөндөмүн үйрөтүштү. Мектеп окуучулары коронавирус илдети жайылгандан берки убакта социалдык тармактар аркылуу түрдүү маалыматтар тарап, айылдаштары аларга ишенип, дүрбөлөңгө түшкөнүн айтышты.

Буга чейин мындай долбоордун алкагында Ош облусундагы бир катар орто мектептерге гигиеналык каражаттар таратылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөн окуу жылынын IV чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында өкмөт 1-класстарга гана мектептен окууга уруксат берип, калган класстарды онлайн окуу форматында калтырган. Сентябрь айынын аягындагы өкмөттүн чечими менен 2-6-класстын окуучулары да мектептен окумак болушкан. Бирок өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдан улам, ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG