Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Канатбек Исаев: Сунуш түшсө төрага болуп иштөөгө макулмун


Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын лидери.
Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын лидери.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев эгер анын талапкерлиги парламент төрагалыгына көрсөтүлүп, колдоо тапса иштеп берүүгө даяр. Бул тууралуу ал 13-октябрда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып айтты:

«Кызматташтар сунуш кыла турган болсо иштеп бергенге даярбыз. Күн тартибине кирсе каралат. Депутаттар чечет».

Исаев 6-октябрга караган түндөгү окуяны шайлоонун жыйынтыгына нааразылык деп кабыл аларын айтты.

Депутат Жанарбек Акаев бүгүнкү, 13-октябрдагы чукул сессияда Жогорку Кеңештин төрагасы шайланарын, ага эки талапкер көрсөтүлүп жаткандыгын билдирген. Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин бир катар депутаттарынын чукул жыйыны башталганы жатат.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү спикер» деп, вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык саясий кризиске алып келип, азыркы Жогорку Кеңештин соңку жыйындарынын жана кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу тууралуу маселе ачык бойдон турат. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG