Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынан көбү кезексиз жыйынга чогулушту


Жогорку Кеңештин чукул жыйынга чогулган депутаттары. 2020-жылдын 13-октябры.
Жогорку Кеңештин чукул жыйынга чогулган депутаттары. 2020-жылдын 13-октябры.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ушу тапта Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын кезексиз жыйыны башталды. Кворум бар экени, 62 депутат чогулганы айтылды.

Күн тартибине президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыгы жана Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселелери кирди. Жыйынды вице-спикер Аида Касымалиева алып барып жатат.

Буга чейин спикерлик кызматка сунушталып жаткандардын арасында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев бар экени айтылган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү спикер» деп, вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

Акыркы саясий кырдаалга байланыштуу 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 21-октябрга чейин өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгон. 12-октябрда президенттин өзгөчө абал тууралуу дагы бир жарлыгы чыкты. Ага ылайык, өзгөчө абал 19-октябрга чейин деп белгиленди. Президенттик аппарат экинчи жарлыктын чыгышына Жогорку Кеңеш 9-октябрдагы жарлыкты үч күндүн ичинде карабаганы себеп болгонун маалымдады.

Парламенттин депутаттары Кыргызстанда саясий кризис башталгандан бери ушуну менен экинчи жолу чукул жыйынга чогулуп жатат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия Бишкекте митинг өткөргөн. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка кирип барышкан. Бул окуядан кийин президент ишин улантууда, өкмөттүн жетекчилиги кызматтан кетти.

Парламенттин бир катар депутаттары эки жолу жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрда абактан бошонуп чыккан саясатчы Садыр Жапаровду тандаганы жарыяланган. Бирок бир топ депутаттар эки жыйында тең кворум болбогонун, чечимдер мыйзамсыз экенин айтып жатышат. Жапаровдун тарапкерлери кворум болгонун белгилеп келатышат.

13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн курамы боюнча токтомго кол койбой, кайра парламентке кайтарганы белгилүү болду. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG