Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу режими сакталбай жатат


Азербайжан менен Армениянын аскерлеринин Тоолуу Карабак аймагы үчүн куралдуу чатагы уланууда. Азербайжандын Коргоо министрлиги 13-октябрда абал курч бойдон калып жатканын, бүгүн таңда армян күчтөрү Тертер районун аткылаганын кабарлады. Армениянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, тескерисинче азери күчтөрү бир нече аймакты ракетадан аткылаганын билдирүүдө.

30 жылдан бери талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагында кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу чатак уланып жатат.

Азербайжан менен Армениянын башкы дипломаттары 10-октябрда Москвадагы жыйында атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Ошондой эле эки тарап туткундарды алмашары кабарланган. Бирок бул келишимге карабай тынчтык режими сакталбай жатат.

XS
SM
MD
LG