Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Парламент президенттин өзгөчө абал боюнча жарлыгын бекитти


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 13-октябрдагы кезексиз жыйынында президенттин Бишкек шаарында өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыгын бекитүү тууралуу чечим кабыл алды.

Бул чечимди жыйынга катышкан депутаттар бир добуштан колдошту. Жыйынга 62 депутат катышып жатканы, кворум бар экени башында айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка 12-октябрда кол койгон. Мындай чечим Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабаганына байланыштуу болгон.

Президенттик аппарат тараткан маалыматта жарлык массалык башаламандыктын натыйжасында күч колдонуу менен адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал сакталып тургандыгына байланыштуу, Конституциянын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын коопсуздугун сактоо, коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу, баш калаада коомдук тартипти камсыз кылуу максатында чыкканы айтылган.

Ага ылайык, Бишкекте өзгөчө абал 12-октябрдан тартып 19-октябрга чейин кечки саат 20.00дөн баштап таңкы саат 07.00гө чейин болот. Бул аралыкта автоунаалардын, коомдук транспорттун, жөө адамдардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Баш калаанын аймагында күндүз да митинг, жүрүш, пикет жана башка спорттук, маданий массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кырдаалга байланыштуу 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде комендатура түзүлгөн. Аны ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектей баштаган. Коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин болоору айтылып, Бишкектин ичинде жана четинде 15 блокпост орнотулган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон.

6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан. 10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы айтылган. Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептешти. Жапаровдун тарапкерлери кворум болгонун белгилеп келатышат.

13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттүн курамы боюнча токтомго кол койбой, кайра парламентке кайтарганы белгилүү болду.

Президент Жээнбеков ишин «Ала-Арча» резиденциясында улантып жатканы кабарланды. (RK/NT)

XS
SM
MD
LG