Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Гилменддеги кагылышуудан улам миңдеген киши жер которууда


Гилменд. Архивдик сүрөт.
Гилменд. Архивдик сүрөт.

Гилменд провинциясында талибдер менен өкмөттүк аскерлердин кармашынан качып, миңдеген үй-бүлө жер которууга мажбур болду. Бул тууралуу бийлик өкүлдөрү билдиришти. Гилменддин качкындар боюнча кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Рамин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна 13-октябрда маалымдагандай, качып чыккан беш миңдей үй-бүлөнүн басымдуу бөлүгү борбор шаар Лашкар Гахка ооп барды. Рамин жер которгондор көбөйүп баратканын белгиледи.

Гилменд чөлкөмүндө согушкерлер менен армиянын кармашы бир нече күндөн бери уланып жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, карапайым адамдар арасында жоготуулардын алдын алыш үчүн аскерлер чегинип, эми ошол жерлерди кайтарууга аракеттенишүүдө.

«TOLOnews» каналынын ооган атайын кызматтарынын маалыматына таянып кабарлаганына караганда, түн ичиндеги операция маалында «Талибандын» 23 жоочусу жок кылынды. Кармаштар Катарда Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү менен кыймылдын сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан маалда болууда.

XS
SM
MD
LG