Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур дүйнөдөн кайтты


Алауддин Мансур.
Алауддин Мансур.

13-октябрда кыргызстандык белгилүү дин аалымы Алауддин Мансур 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

Борбор Азияга таанымал диниятчы, Куран китебин кыргыз жана өзбек тилдерине которууда эмгеги сиңген аалым жашоо менен кош айтышканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Алауддин Мансур 1952-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. 1990-1992-жылдары Куранды өзбек тилинде чечмелеген. Муфтияттын маалыматына караганда, анын котормосу Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо эң жакшы деп табылып, китеп 1990-1993-жылдары миллион нускада басылган.

2000-жылы Кара-Суу шаарында «Курани каримди үйрөнүү илимий борбору» түзүлүп, Алауддин Мансур Куранды алгач ирет кыргыз тилине которгон.

Муфтий Максатбек Токтомушев маркумдун жакындарына көңүл айтып, Алауддин Мансур өз өмүрүн дин тармагында арнаганын, башкаларга өрнөктүү билимин бергенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG