Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Президент Садыр Жапаровдун өкмөттүн курамы, түзүмү, програмасы боюнча долбоорун кароону парламентке сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун жолугушуусу. 2020-жылдын 13-октябры.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуш кылды.

14-октябрда мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы шайланган спикери Канатбек Исаевге кат аркылуу кайрылды.

Анда Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдун программасын бекитүү, өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо боюнча чечимдерди мыйзам сактабай кабыл алганы, ошондуктан президенттик аппарат баарын кайра парламентке кайтарып бергени айтылды.

Мамлекет башчы бул маселени Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгиленген тартипте кароону сунуш кылды.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка жапырт тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок бул отурумда кворум болгон эмес.

Парламенттин бир катар мүчөлөрү 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип бергени кабарланган, бирок анда кворум болбой калгандыгын Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Аида Касымалиева, Феликс Кулов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, юристтер айтып чыгышкан. Жогорку Кеңештин ал күнкү токтому катары сунушталган документти президент С.Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда төрага болуп Канатбек Исаев 78 добуш менен шайланган.

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулганы жатат. Күн тартибинде өкмөттү бекитүү маселеси болоору айтылууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG