Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Токмокто үй-бүлөлүк чырдан үч адам бычак жеди


Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарында милиция үй-бүлөлүк чырдан улам үч адамдын бычакталышы боюнча окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу 14-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 12-октябрда болгон. Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракат менен үч адам түшкөн.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Милициянын баштапкы маалыматына караганда, үй-бүлөлүк уруш учурунда 46 жаштагы аял, анын 36 жаштагы күйөө баласы жана 27 жаштагы келин жараат алышкан. Үчөө тең ооруканада милициянын кайтаруусунда жатат. Урушка эмне себеп болгону расмий айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG