Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Равшан Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун сунуш кылды


Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун, коомду бириктирүүнүн жана абалды турукташтыруунун жолдорун сунуш кылды.

Жээнбековдун пикиринде, бийликтин алгачкы кадамы - саясий куугунтуктоону токтотушу зарыл.

Экинчи кадам катары ал соттор бийликтин буюртмасы менен эмес, калыс иштеши керек экенин билдирди.

Мындан тышкары Жээнбеков күч түзүмдөрү саясатчыларды жана жарандык активисттерди куугунтуктоосун токтотушу зарыл болорун белгилеп, 5-октябрдагы окуя камоо, куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүү өлкөнүн жана бийликтин көйгөйлөрүн чечпей турганын көрсөткөнүн кошумчалады.

Ошону менен катар саясатчы парламенттин жаңы төрагасы, жаңы өкмөт башчы жана президент өзгөчө ой жүгүрткөн жарандык активисттерге, саясий оппоненттерине, журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына сый мамилени сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун 5-октябрдагы массалык акциясы башаламандыкка чейин жетип, бир катар администрациялык имараттар тартып алынган. 6-октябрдын түнүндө айрым саясатчылар менен бирге Равшан Жээнбеков да абактан бошотулган.

11-октябрда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка барып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG