Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

УКМК соцтармактардагы чакырыктарга байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 14-октябрда учурдагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу элге кайрылды.

Анда мекеме Интернеттеги социалдык тармактарда Бишкекте жана республикада кырдаалды туруксуз кылуу боюнча ар кандай чакырыктар тарап жатканы айтылат. Буга байланыштуу атайын кызмат элди ар кандай кептерге ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.

Социалдык тармактарда 13-октябрдан бери Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкекте митингге чогула турганы тууралуу маалыматтар, анын ичинде видеотасмалар тарап жатат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка жапырт тополоң учурунда түрмөдөн тарапкерлеринин күчү менен бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок бул отурумда кворум чогулбай калганы маалымдалган.

Парламенттин бир катар мүчөлөрү 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип бергени кабарланган, бирок анда кворум болбой калгандыгын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Феликс Кулов сыяктуу саясатчылар, юристтер айтып чыгышкан. Жапаровдун өзү жана анан тарапташтары кворум болгонун жана мыйзамдуу шайланганын билдирип келишет.

Жогорку Кеңештин ал күнкү токтому катары сунушталган документти президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган. (NT)

XS
SM
MD
LG